Биз менен байланышыңыз

13-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт

Кыска кабар | 12 Дек 2018 | 929 | 0

13-декабрда Ысык-Көл облусунун чыгышында кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7,

Нарын облусунунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…-8 градус суук болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүз 8…10° болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM