Биз менен байланышыңыз

Президент “Ата-Бейитте” Айтматовдун эстелигине гүл койду

Кыска кабар | 12 Дек 2018 | 575 | 0

Бүгүн, 12-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл койду.

Жазуучуну эскерүүгө Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, жазуучунун туугандары жана санаалаштары келишти. Анда гүл коюлгандан кийин Куран окулду.

Андан соң 1937-1938-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарынын эстелигине, 1916-жылдын курмандыктарынын монументине жана 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын курмандыктарынын мемориалына гүл коюп, Куран окутушту.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM