Биз менен байланышыңыз

Миграция: балдарды камкорчуга табыштоодо талапты күчтөнтсөк

Коом | 11 Дек 2018 | 2025 | 0

Жакында эле апасынын курбусунун колунда жүрүп, денесиндеги ар кандай жаракаттан улам чарчап калган эки жаштагы баланын өлүмүнөн кийин «ЮНИСЕФ» балдар фонду мигрантттардын балдарын камкордукка ала турган адамды милдеттүү түрдө дайындоо учурдун талабы экенин айтып чыкты. Ал эми Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча балдар кодексинде ата-энеси балага камкордук кыла албай калган учурда аны сөзсүз түрдө камкордук кыла турган камкорчу же көзөмөлгө алган бирөөнү дайындоо жөнүндө айтылган. Бирок ар кандай кагаз иштеринен качкан мигранттар балдарын тааныш, тууган-туушкандарга таштагандан улам ушундай аянычтуу окуялар да бар экенин четке какпайт.

Айгүл 11 жылдан бери Орусияда эмгектенип келет. Алгачкы жылдары эки кызын чоң ата-чоң энесине таштап кетүүгө аргасыз болгонун айтат. Өзүнүн жакын адамдарына таштаса да балдарды ойлоп, ыйлаган күндөрүн азыр жакшы эстейт. “Бирок айла жок ал балдардын келечеги деп кеткенбиз”,- дейт.

Чоң атасына, чоң энесине, жакындарыңа, бир туугандарыңа таштасаң да баары бир ойлоносуң. “Эмне кийип, эмне жеп жатат?” деп санаа тартасың. Айла жок алар үчүн иштеп жүрөбүз да.

Бул сыяктуу учурлар Кыргызстан көп эле. Айрым маалыматтар боюнча өлкөдө 260 миңдей баланын атасы же энеси мигрант. Адистердин айтымында, башка балдарга салыштырмалуу бул балдар көбүрөөк зордук-зомбулукка кабылат. Ага жакында эле эки жаштагы баланын өлүмү мисал боло алат. Буга байланыштуу «ЮНИСЕФ» балдар фонду мигранттардын балдарын милдеттүү түрдө камкордукка алуу же көзөмөл маселесин көтөрүп чыкты. Анткени ата-эненин камкордугунан алыс өскөн балдардын укугу бузулат деп кабатыр. Фонддун Кыргызстандагы жетекчисинин орун басары Мунир Мамедзаде балдар кодесинде камкордук маселеси жөнүндө айтылганы менен, бул формалдуу түрдө гана болуп, көпчүлүгү балдарын расмий түрдө камкордукка албай келерин айтат.

Азыркы учурда көпчүлүгү туугандарга таштап, расмий түрдө болбой жатат. Биз мигранттар балдарын бирөөгө таштап жатканда юридикалык жактан баарынын жоопкерчилиги болуш керек деп жатабыз. Баары расмий түрдө болуп, камкордукка алып жаткан тараптын дагы жоопкерчилиги болсо дейбиз. Мындай тартип балдардын укугун коргоп, жакында болгон эки жашар баланын өлүмү сыяктуу учурлардын алдын алмак.

Балдардын укугун коргоочулар зордук зомбулукка кабылып, ошол эле учурда мээримди, көңүлдү өз ата-энесинен көрө албай башка жактан издеп, суицидге баргандардын көпчүлүгү да мигранттардын балдары экенин айтып чыгышкан. Ушул жылы Улуттук изилдөө институту жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, катышкандардын 6% гана мигранттардын балдары ишеничтүү колдордо деп жооп беришкен. Балдарын укугун коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова миграция маселесин чечмейинче, бул көйгөй бүтпөйт деген ойдо.

-Өлкөдө 260 миңдей баланын атасы же энеси мигрант. Бул көрсөткүч жылдан-жылга өсүүдө. Албетте, өлкөдөгү экономикалык кырдаал жакшырмайын, чет өлкөгө жумуш издеп кеткендер да азайбайт. Алар баласын бул жакка таштап кеткени менен, зордук-зомбулук да боло берет.

Балдар жөнүндөгүкодекске ылайык, ар бир ата-эне баласы үчүн өз милдетин аткара албай калган учурда сөзсүз түрдө камкорчу, көзөмөлчү дайындашы керек. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча ушул жылдын 9 айында 28 миң 610 бала эмгек мигранттарынын балдары болуп табылган. Алардын 599 камкорчу, көзөмөлчүгө дайындалган. Ал эми 2017 жылы 821 бала камкорчуга дайындалган. Бул туурасында министрликтин үй-бүлө жана балдарды коргоо башкармалыгынын башкы адиси Гүлзина Бообекова айтып берди.

Камкорчуну, көзөмөлчүнү азыркы учурда деле талапка ылайык дайындашат. Бирок көп ата-энелер чыгынбайт. Анткени соттон көп кагаз талап кылышат, ошолорду алып келүү алар үчүн кыйынчылык жаратат. Ачыгын айтыш керек, ошонун айынан алар дайындабай жатышат. Бирок мыйзамда так айтылган ата-эне убактылуу таштап жатса, сөзсүз түрдө мыйзамдуу түрдө камкорчу дайындаш керек.

Адистердин баамында, балдар үйүндөгү тарбияланып жаткандардын да 10 пайыздан 40 %га чейинкиси мигранттардын балдары.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM