Connect with us

Орусиялык эки согуштук учак Венесуэлага жеткирилди

Орусиялык эки даана согуштук Ту-160 учактары Венесуэлага жеткирилди. Бул туралуу Орусиянын Звезда телеканалы түз эфирден жарыялады.

Орусия менен Венесуэланын бул келишими батышты, өзгөчө Американы тынчсыздантты. АКШнын мамлекеттик катчсы Майк Помпео бул тууралуу «Мадуро элден коррупция жолу менен жыйнап алган акчасын маанисиз сапырып жатат»,-деп билдирген. Анын бул билдирүүсүнө орус тарап жооп берди.

Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Помпеонун айтканын дипломатияга сыйбайт деп баалады. Коргонуу тармагынын бюджетинин жарымы эле бүтүн Африканы бага ала тургандай өлкө үчүн мындай сөздү айтуу орунсуз экенин белгилеген Песков учактардын бардык эл аралык нормаларга ылайык, мыйзамдуу түрдө жөнөтүлгөнүн, жадагалса он миңдеген чакырым жолду артка калтырып өз ордуна жеткенин айтты.

Эске салсак, Венесуэла жумушсуздук жана коррупция боюнча дуйнөдө алдыңкы орунда турат. 4 миллионго жакын эли жакырчылыктан улам башка өлкөлөргө чыгып кетишкен. Бийликтеги Мадурого каршы толкундоолордо оппозицияны колдогон АКШ жана Латын Америка өлкөлөрүнө каршы Орусия бийликти колдоп, бир катар ири көлөмдөгү инвестицияларды салган.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM