Биз менен байланышыңыз

Табып Хашим Зайналиевге иш козголду

Кыска кабар | 10 Дек 2018 | 890 | 0

Табып Хашим Зайналиевге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу маалыматты “Марал” радиосуна Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыктан тастыкташты.

Ага ылайык, Зайналиевге Кылмыш-жаза кодексинин “мыйзамсыз дарыгерлик кылуу” (122) беренесинин негизинде иш козголду.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги Хашим Зайналиевге чара колдонууну өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылып келген.

2016-жылдын күз айында анын бейтаптарынын бири каза болгон. Табып аны наркозсуз операция кылгандыгы ачыкка чыгып, коомчулуктун нааразычылыгына кабылган.

Copyright © 2017 Maral FM