Биз менен байланышыңыз

Күйүүчү майды Орусиядан нарк салыгысыз алып келүү боюнча келишимге кол коюлду

Кыска кабар | 6 Дек 2018 | 608 | 0

6-декабрда Москва шаарында күйүүчү майды Орусиядан Кыргызстанга нарк салыгысыз алып келүү боюнча келишимге кол коюлду. Мындай маалыматты Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.

Анда Кыргызстандын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасынын орун басары Сагынбаев Орусиянын Энергетика министринин орун басары Сорокин менен жолукту.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча 2019-жылга карата мунай чийки заттын, авто үчүн күйүүчү майдын, дизель отунунун жана реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отундун индикативдик баланстары боюнча документке кол коюлду.

Copyright © 2017 Maral FM