Биз менен байланышыңыз

«Жунда» заводунун ишин текшерүү үчүн депутаттык жумушчу топ түзүлдү

Кыска кабар | 3 Дек 2018 | 576 | 0

3-декабрда Жогорку Кеңеште “Жунда” заводуна пайдалануу үчүн сырттан алынып келүүчү химиялык заттарды алып келүүдө химиялык заттарды республика аймагына киргизүү жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдардын сакталышын иликтөө боюнча жумушчу топ түзүлдү. Мындай маалыматты парламенттин басма-сөз кызматы билдирди.

Айтмамат Назаров, Абылкайыр Узакбаев, Бакирдин Субанбеков, Алмасбек Акматов,  Мухтар Айнакулов, Экмат Байбакпаев жана мамлекеттик ведомствонун өкүлдөрү кирди.

Эскерте кетсек, «Жунда» заводу жылына 800 миң тонна мунайды кайра иштетүүгө ыңгайлашкан. Анын негиздөөчүсү кытайлык “Чайна Петроль Жунда” компаниясы заводду курууга 300 миллион доллар инвестиция жумшаган

Copyright © 2017 Maral FM