Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жугуштуу оорулар бейтапканасынын жаңы корпусу курулат

Кыска кабар | 29 Ноя 2018 | 780 | 0

Бишкекте республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жаңы корпусун куруу башталат. Корея тарабынан оорукананын техникалык-экономикалык негиздемеси түзүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Корея мамлекети менен келишим 2016-жылы түзүлгөн. Тийиштүү адистер Кыргызстанга келип оорукананын абалын текшерип, долбоордун негиздемесин презентациялашкан.

Курулушка 27 млн доллар коротуу пландалууда, оорукана 160 орунга ылайыкташтырылат. Ошол эле учурда долбоор насыя болгондуктан Жогорку Кеңеште ратификацияланып, президенттин макулдугу керек.

Эске салсак, Бишкек шаарындагы республикалык жугуштуу оорулар ооруканасы 400 кишиге ылайыкташтырылган. Эпидемиялык маалда орун жетишсиздиги пайда болот.

Copyright © 2017 Maral FM