Биз менен байланышыңыз

Карамушкина: КСДПнын брендин колдонбогула

Кыска кабар | 29 Ноя 2018 | 663 | 0

Депутат Ирина Карамушкина парламент жыйынында КСДП партиясынын ичиндеги бөлүнүп-жарылуу тууралуу кеп козгоп, партиянын ишине кайсы бир органдар кийлигишип жатат деди.

Ал партиянын лидери Алмазбек Атамбаев менен иштешүүнү каалабагандарды партиядан чыгып кетүүгө чакырды.

«Атамбаев менен баргысы келбегендер, арыз жазып партиядан чыгып кеткиле. Өзүңөрдүн партияңарды түзгүлө, элге таанылып калган партиянын брендин жана логотибин колдонбогула», — деди Карамушкина.

Депутат бул маселе боюнча президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, көңүл буруп коюусун өтүндү.

28-ноябрда Свердлов районунда “КСДП Атамбаевсиз” аталышындагы жыйыны өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM