Биз менен байланышыңыз

Прокурордун өлүмүнө шектелген жарандын тарапташтары митингге чыкты

Кыска кабар | 26 Ноя 2018 | 828 | 0

Бүгүн, 26-ноябрда Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектелип кармалган жарандын жакындары митингге чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар айтышты.

Алар облустук администрациянын алдына чогулуп, иштин акыйкат тергелишин, алар менен аңчылыкка бирге чыккан облустук прокуратуранын кызмат адамдарына да чара көрүлүшүн талап кылышууда.

Эске салсак, каза болгон прокурордун сөөгүн 18-ноябрь күнү таңда Төрт-Гүл суу сактагычынын жанындагы жолдун боюнан табышкан. Анын денесинде катуу соккунун жана октун изи табылып, кылмышка шектүү катары облустук Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыков кармалган. Эки күн мурда ал тергөө учурунда кыйноого кабылганын айтып, курсагындагы көк-ала издерди көрсөткөн. Бирок аймактык Ички иштер башкармалыгы ал издер набыт болгон прокурор менен болгон мушташта алган жарааты экенин билдиришкен.

Прокурордун өлүмүнө шектелген жаран күнөөсүн мойнуна алды

Copyright © 2017 Maral FM