Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түштү

Кыска кабар | 25 Ноя 2018 | 574 | 0

Бишкек-Ош унаа жолунун 127-чакырымында кар көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМнин маалымат кызматы маалымдады.

1000 метр куб көчкү 24-ноябрда саат 16:00 чамасында түшүп, жолдун бир тарабын жаап калган. Аны тазалоо үчун бир грейдер жана 2 жүк ташуучу унаа жиберилди.

Көчкүдөн эч ким жабыркаган жок. Учурда жол тазаланып, унаалар мурункудай эле өтө алышат.

Copyright © 2017 Maral FM