Биз менен байланышыңыз

Бекназаров: Президенттин колуна кол, бутуна бут болууга даярбыз

Кыска кабар | 24 Ноя 2018 | 857 | 0

Курултайда саясатчы Азимбек Бекназаров президент Сооронбай Жээнбековдун ишинин бир жылдыгына карата баяндама жасап жатып, президенттин бир жылдык ишине канааттандырарлык баа берем деди.

Ал буга жүйө катары, Сооронбай Жээнбековдун экс-президент Атамбаевдин таасиринен чыкканын, өз алдынча кеткенин айтты.

Бирок Жээнбеков Атамбаевди жеңдим деп эле ушуну менен токтоп калабы деген суроону коом күтүп жатканын эскертти. Бул курултайдын мезгилдүүлүгү саясий коомдук маанилүүлүгү мына ушунда экенин белгилейт.

Элдин келечеги үчүн мурдагы бийлик тарабынан узурпацияланган, эл бийлигин калыбына келтирүү, кен байлыктарды кайтарып берүү, саясий куугунттуктарды токтотуу, бийлик бутактарын коррупциядан тазалоо боюнча ара жолдо турган президентибизге бүгүн конструктивдүү, реалдуу сунуштарыбызды берип, ал бул сунуштарды туура джеп тапса, колуна кол, бутуна бут болуп беришибизди расмий билдиришибиз керек”, -деди Бекназаров.

Айта кетсек, ушул тапта Бишкекте коомдук-саясий уюмдардын курултайы өтүүдө. Ага 19 саясий партиядан 239 адам, 28 коомдук жарандык уюмдан 358, 90 ардактуу конок, 27 массалык маалымат каражаты катышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM