Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Атамбаевдин эсепчи боюнча билдирүүсү текшерилет

Кыска кабар | 22 Ноя 2018 | 679 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин КСДПнын шайлоо штабындагы эсепчисине болгон коркутуулар тууралуу билдирүүсү текшерилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек,  Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясындагы каражаттары делген маалымат боюнча: «Бул реалдуу документ. Бул бухгалтерия тууралуу штабдын бухгалтери да билчү. Ал эмгек өргүүсүнө чыгып, башка өлкөгө кетип калды. Азыр өзүнүн өмүрү үчүн кооптонуп жатат», — деген.

Маалыматта, КСДПнын штабынын эсепчиси 11-ноябрда Кыргызстандан чыгып кеткен. Андан 4 күндөн кийин социалдык тармакта шайлоо кампаниясына сарпталган эсептер тараган. Ал эми эсепчинин уулу болсо Атамбаевдин билдирүү жасарынан мурда, 18-ноябрда өлкөдөн чыгып кеткендиги айтылат.

Ошондой эле алардын ИИМге кайрылып арыз жазбагандыгы белгиленет. “КСДПнын эсепчисин ИИМге кайрылып, өмүрүнө болгон кооптонуулар тууралуу керектүү маалыматтарды берүүнү суранабыз. Өлкөгө кайтып келсе анын коопсуздугун камсыздап, объективдүү иликтөө жүргүзүү милдетин алабыз», — деп маалыматта көрсөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM