Connect with us

Эколог: Көмүр жагууну азайтуу керек

Күн чабыт | 21 Ноя 2018 | 1185 | 0

Бишкектин үстүнөн каптаган кара түтүн шаар тургундарын тынчсыздандырып, социалдык тармактарда талкуу жарата баштады. Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча шаардагы абанын булганышы чектен эки эсе ашып кеткен. Ал эми экологдор көрсөткүч 10 эсеге чейин өскөнүн айтып кулак кагыш кылышууда. Жылытуу сезону башталары менен кара түтүн каптаган көйгөйдү кантип чечүүгө болот? Ушул теманын алкагында ЮНИСОН груп коомунун жетекчиси, эколог Нурзат Абдырасулова менен “Күн чабыт” программасында маектештик.

Марал: Борбордун абасы өтө булганганын сезип жатасызбы?

Нурзат Абдырасулова: Борбордун абасынын булганышы акыркы жылдары көбөйүп жатат, аны адистер да айтышууда. Өзүбүз дагы сезип, көзүбүз менен көрүп жатабыз. Көз карандысыз уюмдар дагы ченеп айтып жатышат.

Марал: Азыр экологдор Бишкектин абасы Кытайдагыдай булганыч болгондуктан, кооптуу абал түзүлүшү мүмкүн экенин айтып жатышат. Кооптонууга негиз барбы?

Нурзат Абдырасулова: Кооптуу абал түзүлүп калды. Эгер биз азыртан абанын булганышынын алдын албасак ден соолугубузга таасирин тийгизип, оорулардын көбөйүшүнө алып келет. Бул көйгөй бардык тургундарга таандык, анткени баарыбыздын балдарыбыз, досторубуз ушул жерде жашап, ушул абаны жутуп жатабыз.

Марал: Алдын алуу үчүн эмне кылыш керек, сиздин кандай сунуштарыңыз бар?

Нурзат Абдырасулова: Эң биринчиден, түтүндүн чыгып жаткан булагын азайтуу керек. Экологиялык абалды жакшыртуу үчүн кардиналдуу чараларды кабыл алууга милдеттүүбүз. Антпесе түтүндүн көбөйүп, экологиянын начарлашы азайбайт. Түтүндөр кайдан чыгат? Азыркы убакытта көбү айтат, автоунаалардан, мештерден же болбосо Бишкек жылуулук электр борборунан чыгып жатат дешет. Анын толук чындыгын билүү үчүн көз карандысыз экспертиза жүргүзүү керек. Бирок аны күтүп отурбай эле, азыркы күндө премьер-министр айтып өткөн кадамдарды кабыл алса болот. Алар коомдук транспорттун сапатын жакшыртуу, газга өткөрүү, эски автоунаалардын санын азайтуу. Ошондой эле көмүр жаккан жеке үйлөргө жардам берүү – бул энергеоэффективдүү мештерди коюп, көмүрдү жагууну азайтуу керек. Негизи көп эле мүмкүнчүлүктөр бар, менин оюмча чечкиндүү кадамдар гана керек.

Марал: Сиздердин коом бул багытта альтернативдүү энергия булактарын сунуштап келесиздер, бул аракет майнап берип жатабы?

Нурзат Абдырасулова: Энергияны кайра калыбына келтирүүчү булактар, мисалы күндүн нурунан колдонуу, үйдү жылытуу, суу жылытуу, же болбосо үйлөрдү жылуулоо. Ошондой эле үйдү пландоодо күн жакты каратып куруу сыяктуу чаралар. Бул маалыматтарды элге жеткириш гана керек болуп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM