Биз менен байланышыңыз

Москвада кыргыз-орус жумушчу консультациясы өткөрүлдү

Кыска кабар | 21 Ноя 2018 | 672 | 0

Бүгүн, 21-ноябрда Москвада эл аралык жана регионалдык коопсуздук маселелери боюнча эки тараптуу кыргыз-орус жумушчу консультациясы өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Анда аскердик жана аскердик-техникалык кызматташуунун  абалы жана келечеги айтылды. Эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдарга жалдоого каршы аракеттенүү практикасы тууралуу маселелерди талкуулашты.

Эки өлкөнүн Коопсуздук кеңештеринин катчылары Николай Патрушев менен  Дамир Сагынбаевдин жолугушуусунда региондун коопсуздугун камсыз кылуу маселеси көтөрүлдү. Ошондой эле аскердик-техникалык кызматташуунун башка аспектилери каралды.

Copyright © 2017 Maral FM