Биз менен байланышыңыз

Сауд Аравия Кыргызстанга 4 млн долларга чукул грант берет

Кыска кабар | 21 Ноя 2018 | 691 | 0

Сауд Аравия Кыргызстанга медициналык жабдуулар жана этти экспорттогону 3 млн 797 миӊ доллар грант берет. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан берилчү грант төмөнкү багыттарда колдонулат. Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институту, Улуттук фтизиатрия борборунун кургак учук бөлүмү, Кара-Кулжа жана Түп айылындагы үй-бүлөлүк медициналык борборуна жабдык алынат.

Ошондой эле Кыргызстандан Сауд Аравия Королдугуна этти экспорттогону Чүй облусуна карантиндик зона курулат. Ага ошол аймактан 5 гектар жер бөлүнүп берилүүгө тийиш.

Айрым депутаттар гранттык каражаттын көлөмү аз болуп калгандыгын билдиргени айтылат. Гранттык келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM