Connect with us

Президент: Султан Ибраимов «КРнын Баатыры» наамына татыктуу

Кыска кабар | 21 Ноя 2018 | 794 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик ишмер Султан Ибраимовдун 90 жылдыгына катышты. Анда ал Султан Ибраимовубагында Папан, Токтогул суу сактагычтарынын курулушуна чоң салым кошконун белгиледи.

Ибраимов элдин эсинде, көптөгөн адамдын жүрөгүндө баатыр катары сакталып калганын айтты. Ошондуктан Ибраимовго татыктуу наам ыйгаруу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарына мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.

» 2017-жылы кабыл алынган мыйзам Султан Ибраимовго расмий түрдө «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын ыйгарууга жол бербейт. Мен Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып тийиштүү мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушун берет элем. Эгер өзгөртүүлөр киргизилсе, мен Жарлыкка кол коюуга даярмын», — деди президент.

Султан Ибраимов 1968-1978-жылдарды Ош облусун жетектеген. Президенттин айтуусунда ушул он жылда азыркы үч облусту камтыган Ош облусунда айыл чарбасы кескин өнүктү, өнөр жай тармагында ири стратегиялык ишканалар курулду, турак жай фонду жакшырды, маданий жана социалдык объектилер ишке берилди, элдин билимге, ден-соолукка жана маданиятка болгон муктаждыгы ырааттуу чечиле баштады.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM