Биз менен байланышыңыз

Аляева: Ырааттуу тездеткичти алууда коррупция болгон

Кыска кабар | 21 Ноя 2018 | 466 | 0

“Жардам берүү оңой” коомдук фондунун директору Динара Аляева президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады. Анын айтымында,  Улуттук онкология борборунун директору ырааттуу тездеткичти (линейный ускоритель) сатып алуу үчүн тендер өткөрүүдө коррупциялык сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн деп айыптады.

“Бул менен башынан аягына чейин – каттоо, аткаруучуларды тандоо, техникалык тапшырмалар менен Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Э.Тилеков алектенген. Менде ырааттуу тездеткичти сатып алууга болгон тендерде Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Эрнис Тилеков жана шайманды жеткирүүчүлөрдүн биринин коррупциялык сүйлөшүүсү бар экендигине далилдер бар”, — деди Аляева.

Ал техникалык тапшырманын 5 жана андан көп пункттары “Elekta” компаниясынын 2007-жылдагы үлгүсүнүн алдында жазылганын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM