Биз менен байланышыңыз

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджети көбөйтүлдү

Кыска кабар | 21 Ноя 2018 | 610 | 0

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 2019-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 50%дан 70%га көтөрүлдү.

Бул тууралуу президенттин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр  Иманалиев президент Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык ишинин жыйынтыктары боюнча айтып жатып билдирди.

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча суу менен камсыз кылуу системаларын куруу иштерин 43 айылда бүтүрүү пландаштырылууда. 4 ирригациялык каналдарды куруу иштери аяктады, ушуга байланыштуу сугат жерлеринин аянты 8 миң гектарга көбөйөт.

Кийинки беш жыл ичинде Кыргызстандын ар бир айылын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу пландаштырылууда. Ал үчүн бюджеттен, ошондой эле эл аралык донорлордон 700 млн доллар каражат тартылат.

Кошумча 27 миң гектар сугат жерди колдонууга берүү, 40 миң гектар жерди суу менен камсыздануусун жогорулатуу пландаштырылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM