Биз менен байланышыңыз

КСДП: Партиялык билеттерди алмаштыруу башталат

Кыска кабар | 21 Ноя 2018 | 921 | 0

Жакында партиялык билеттерди алмаштыруу башталат. Бул тууралуу Социал-демократтар партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, эски үлгүдөгү билеттер жокко чыгарылып жаңысы берилет. Ошондуктан партиядан байланышты үзүп койгон депутаттар ойлонушу керек.

Белгилей кетсек, КСДП экс-президент Алмазбек Атамбаев менен иштөөнү каалабаган парламенттеги фракция мүчөлөрүнө партиядан чыгууну сунуш кылганын партиянын төрагасынын орун басары, депутат Ирина Карамушкина жергиликтүү басылмаларга билдирген. Ал партия ичинде ажырым бар экенин, ал уланарын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM