Биз менен байланышыңыз

Муфтий Таластын бийлик өкүлдөрү менен жолугат

Кыска кабар | 21 Ноя 2018 | 499 | 0

22-ноябрда муфтий Максатбек ажы Токтомушев Талас облусундагы бийлик жетекчилери, дин кызматкерлери жана шаар тургундары менен жолугушат.

Анда Ханафий мазхабы, Матрудий акыйдасы, ыйман жана адептүүлүк, берешендик менен кайрымдуулук, улууларды урматтоо менен улуттар арасындагы достукту бекемдөө, дин кызматкерлеринин билим деңгээлдерин жогорулатуу, экстремизм, терроризмдин алдын алуу, жол эрежесин сактоо, коррупция менен күрөшүү, ысырапкорчулукту жою, мектеп окуучулары арасындагы рекетчиликтин жана өз өмүрүнө кол салууну токтотуу сыяктуу маселелер талкууланат.

 Диний ишмердер бийлик өкүлдөрү менен биргеликте бул маселелер боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунушталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM