Биз менен байланышыңыз

Депутат: Маевскийдин кармалышы, шайлоого кеткен каражаттар боюнча реакция кылалы

Кыска кабар | 21 Ноя 2018 | 572 | 0

Депутат Максат Сабиров парламент жыйынында орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин кармалышы жана укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун билдирүүлөрү боюнча комиссия түзүүнү сунуштады.

“Биз бул маселеге реакция жасашыбыз керек. УКМКны, Башкы прокуратураны чакырып, маалыматтарын угалы. Маевский Текебаевдин камалышында көрсөтмө берип, эми өзү камалып отурат. Бул жерде афера бар”- дейт депутат.

Депутат Талант Мамытов Токтакуновдун президенттик шайлоо боюнча билдирүүсү далилденбесе, ал жоопко тартылышы керектигин айтты.

Вице-спикер Асел Кодуранова сунуштар боюнча тиешелүү комитетке тапшырма берилерин айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM