Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги абанын булганышы талкууланат

Кыска кабар | 21 Ноя 2018 | 987 | 0

Бишкектеги абанын булганышы боюнча тегерек стол өтөт. Ага өкмөт өкүлдөрү, экологдор, илимпоздор, жарандык активисттер катышат.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Анда абанын булганышына түрткөн жагдайлар, аны чечүүнүн жолдору талкууланат.

“Мув Грин” кыймылынын маалыматы боюнча Бишкектеги абанын булганышынын көрсөткүчү эселеп өстү. Эң жогорку көрсөткүчкө жеткенде Кытай, Индиядагы абанын булганганы менен бирдей деңгээлге жетет. Кыймылдын инженер-экологу Бактыгүл Стакееванын айтымында, аба кайрадан мурдагы калыбына келе баштады. Бирок эки-үч күн мурда көрсөткүч нормадан 10 эсеге көп болгон.

20-ноябрда абанын көрсөткүчү жакшырганы көрүнүшүнөн эле белгилүү. Бирок буга чейин андай болбой жаткан. Норма боюнча 1 куб метрге 35 микрограмм туура келет, ал эми Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун стандарты боюнча 1 куб метрге 25 микрограмм туура келет. Бирок биздин аппараттар 300-400, айрым жерлерде андан да жогорку көрсөткүчтү аныктаган. Айрыкча жеке мончо иштеткен жерлерде, жаңы конуштарда жогору болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM