Биз менен байланышыңыз

Быйыл 5 судья ээлеген кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 21 Ноя 2018 | 557 | 0

Быйыл Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан президенттин атына 89 талапкер боюнча сунуш келип түшкөн. президент 51 талапкерди судьялык кызматка дайындоого макулдук берген. Бул тууралуу президенттин аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Санжар Исабаев, президент Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык ишинин жыйынтыктары жөнүндө айтып жатып билдирди.

Азыркыга чейин Комиссия тарабынан 5 судья ээлеген кызматынан бошотулду, 8 судьяга сөгүш жарыяланды, 15 судьяга эскертүү, 50 судьяга алдын ала эскертүү берилди, 2 судьяны кылмыш жообуна тартууга макулдук берилди.

Ал мындан тышкары, 2010-жылы башталган өлкөдөгү соттук-укуктук реформа улантылып жатканына ишендирди.

Санжар Исабаев жаңы кодекстер менен мыйзамдарга токтолуп, алардын ишке кириши менен жарандар өз укуктарын коргоого мүмкүнчүлүк, соттордун, прокурорлордун жана милициянын өзүм билемдигине бөгөт пайда болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM