Биз менен байланышыңыз

Курултайга Атамбаев келбей турганын билдирди

Кыска кабар | 20 Ноя 2018 | 505 | 0

Коомдук-саясий уюмдардын 24-ноябрга белгиленген курултайына экс- президент Алмазбек Атамбаев келбей турганын расмий билдирди. Бул тууралуу “Марал” радиосуна саясатчы Азимбек Бекназаров айтты.

Ал азыркы президент Сооронбай Жээнбеков келбесе да өкүлүн жиберерине ишеним артарын кошумчалады.

Бекназаров курултайды өткөрүү, ага келе турчу делегаттардын чыгымдарына саясий партиялар 20 миң сом, коомдук уюмдар 10 миң сомдон чыгарарын айтты.

“Бизди эч ким каржылаган жок, өзүбүздү-өзүбүз каржыладык. Бийлик бир гана драм театрдын имаратын алып берүүгө жардам берген. Делегаттар аймактардан келбейт, аларды ар бир саясий партия, коомдук уюм өзү аныктайт”— дейт Бекназаров.

Бекназаров курултайда сөз сүйлөй турчу киши катары, Атамбаевдин 19-ноябрдагы билдирүүсүнөн кийин бир топ сөзүн оңдогонун айтат. Ал буга чейин Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы тирешүүнү жоюу, аларды жараштыруу аракетин көрүү жөнүндө ойлоп жатса, эми ал оюнан кайтканын билдирди.

«Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең» деп аталган курултай 24-ноябрда өтөт. Анда өлкөдөгү саясий жана экономикалык абал, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык жана Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматтагы бир жылдык ишмердиги талкууланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM