Бишкекте 18 жаштагы А.А. аттуу жаран өспүрүмдү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
16-ноябрда кечки саат 18:30 чамасында белгисиз айдоочу Тыналиев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде өспүрүмдү коюп кеткен. Ал Мерседес-Бенц унаасын башкарган жаран экени аныкталды.
Жабырлануучу №13 мектептин 10 жаштагы Я.Ц. аттуу окуучусу экендиги аныкталды.
Учурда бул фактф боюнча материалдар тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.