Биз менен байланышыңыз

Бешимов: Элчилерди бири- бирине салыштырууга болбойт

Без рубрики , Пикирлер | 19 Ноя 2018 | 551 | 0

Кыргызстандын тышкы саясат боюнча концепциясын иштеп чыгып, кабыл алуу зарыл. Мындай пикирин Тышкы иштер министринин мурунку орун басары, дипломат Аскар Бешимов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, тышкы эл аралык абал тездик менен өнүгүүдө. Бул багытта Кыргызстан ача жолго келип калган.

«ЕАЭБге мүчөбүз. Дүйнөлүк соода уюмунан да милдеттенмелерди алганбыз. Кайсы жолго басымдуулук кылып, кимиси менен кетебиз деген суроо жаралат. Быйыл айрым мамлекттер менен достук мамилени жолго салык. Тышкы саясатта негизги жетишкендик ушул», — дейт Бешимов.

Ал элчилердин ишине өлкөнүн тышкы саясатынын копцепциясына жараша баа берилерин айтып, Кыргызстандын Корея менен Тажикстандагы элчилерин салыштырууга болбой турганын белгиледи.

«Сөзсүз түрдө элчилердин арасында да ар кандай кемчиликтер болот. Алардын айрымдары тааныш аркылуу кызматка келгенин билебиз. Алсак, саясий элчилерди тандап башка өлкөгө жөнөткөн учурлар болгон. Бул нормалдуу көрүнүш. Башка мамлекет менен кызматташууну түзөбүз деген тажрыйбалуу адамдарды жөнөткөнү жакшы. Ар дайым толук дипломаттык кесип ээлерин жиберүү туура эмес. Саясий кызматта отургандарды элчилик кызматка коюу да жакшы», — дейт Бешимов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM