Биз менен байланышыңыз

Төрага БУУнун башкы катчысынын жардамчысын кабыл алды

Кыска кабар | 16 Ноя 2018 | 593 | 0

Бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Бириккен Улуттар уюмунун башкы катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Мирослав Енч менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Анда төрага Дастанбек Жумабеков демократиялык баалуулуктарды, парламент институтун бекемдөө тууралуу маалымат берди. Жогорку Кеңештин 2021-жылга чейинки Өнүгүү стратегиясы иштелип чыккандыгын белгиледи.

“БУУнун институттары Кыргызстандагы долбоордук ишмердүүлүгүнүн алкагында аталган стратегиядагы көрсөтүлгөн максаттарды, тапшырмаларды эске алат деген ишеничтемин”, – деди төрага.

Ал эми БУУнун башкы катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Мирослав Енч төрагага ыраазычылыгын билдирди. Ошону менен бирге жакында, 19-ноябрда БУУнун миссиясы Бишкек шаарына келерин маалымдады. Алар 2020-жылда болчу шайлоого карата өлкөнүн керектөөлөрүнө баа берүү үчүн келишет.

Ошондой эле Жогорку Кеңеш менен калыптанган кызматташтык мындан ары да улантыларына  үмүт артарын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM