Биз менен байланышыңыз

Күйүүчү майдын баалары өстү

Кыска кабар | 16 Ноя 2018 | 503 | 0

Бүгүн, 16-ноябрга карата күйүүчү майдын баалары өскөнү байкалды. Бишкектеги күйүүчү май сатуучу жайларда бензиндин баасы 41,5-50,5 сомдон турат.

Ал эми 20-октябрдан бери жогорулаган баа төмөнкүчө:

— Аи-80 — 0,2-0,5 сом;

— Аи-92 — 0,3-0,5 сом;

— Аи-95 — 0,2-0,5 сом;

— Аи-98 — 1 со;

— дизелдик отун — 0,2-1 сом;

— автогаз — 0,7-1,6 сом.

Айдоочулар мындай өзгөрүү алардын капчыгын кагып жатканын айтышууда. Ал эми мунай сатуучу компаниялар баанын көтөрүлүшү Орусиядан көз каранды экенин дагы эске салып, муну дүйнөлүк тенденцияларга байланыштырышат.

Copyright © 2017 Maral FM