Connect with us

Масалиев: Президенттин ийгилиги өлкөгө жакшылык алып келүүсү керек

Кыска кабар | 16 Ноя 2018 | 1032 | 0

Бүгүн Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 60 жашка толду. Бул күнгө карата өлкө башчынын башка мамлекеттин президенттеринен куттуктоолор келе баштайт.

Ал эми Кыргызстандагы аткаминерлер да Жээнбековдун өздүк майрамына карата куттуктоо сөзүн билдиришти.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Жээнбековго ден соолук каалап, кызматтын татыктуу аткарып, президенттин ийгилиги Кыргызстанга жакшылык алып келүүсүн каалады.

-Урматтуу Сооронбай Шарипович, урматтуу президент! Бүгүнкү 60 жылдык мааркеңиз менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын. Сизге ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт таалай каалаймын. Кызмат ордуңузда татыктуу иштеп, беш жылдан кийин эл шайлаган президдентке кызматыңызды өткөрүп берип, элдин арасында жүрүп, жамандыкка аралашпай, ийгиликтер сизди коштоп жүрсүн. Сиздин ийгиликтериңиз кыргыз элибизге жакшылыктарды алып келиши керек. Жакшылык болсун дайыма.

Айта кетсек, Сооронбай Жээнбеков 1958-жылдын 16-ноябрында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылында туулган. Ал  көп балалуу үй-бүлөдө өскөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM