Биз менен байланышыңыз

Депутат: Мыйзам талаптарын бузган аткаминерлерди жоопко тартуу керек

Кыска кабар | 15 Ноя 2018 | 456 | 0

Мыйзам талаптарын аткарбаган аткаминерлерди жоопкерчиликке тартуу керек. Бул тууралуу депутат Кенжебе Бокоев парламент жыйынында айтты.

Ал ушул кезге чейин мыйзамдарды аткарбаган бир дагы чоӊ чиновник жоопко тартыла электигине нааразы болду.

Мисалы, жергиликтүү кеӊештердин депутаттары шайланганына эки жылдын жүзү болду. БШК ушул кезге чейин 8 миӊ депутатка төшбелги тапшыра элек. Бул жерде мыйзамдын ченемдери бузулуп жатпайбы. Биз кабыл алган көптөгөн мыйзамдар аткарылбай келет”, — дейт депутат.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттары жөнүндө мыйзамга” киргизилген өзгөртүүлөргө президент Сооронбай Жээнбеков июль айында кол койгон. Мыйзам боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттарынын күбөлүгү менен төш белгисин камсыз кылуу борбордук комиссиясына тапшырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM