Биз менен байланышыңыз

Сатыбалдиев: Партулдук милиция жарандарга сылык мамиле кылат

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Ноя 2018 | 618 | 0

Патрулдук милиция алгач Бишкек шаарында пилоттук долбоор катары түзүлөт. Долбоорду ишке ашыруу үчүн биринчи этапта 200 млн сомдон ашык каражат сарпталат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылы экинчи этап Ош шаарына өтөт. Бара-бара башка аймактарда да патрулдук милиция түзүлөт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жана Кайгуул-посттук кызматынын алкагында түзүлгөн патрулдук милиция кызматы жол коопсуздугун жана коомдук тартипти көзөмөлдөйт.

Учурда нормативдик-укуктук актыларды өзгөртүү боюнча жоболор иштелип чыккан. Сатыбалдиев мындан тышкары, партулдук милиция жарандарга сылык мамиле кыларын айтып, эми орой мамиле болбой турганына ишендирди.

«Патрулдук кызмат «Коопсуз шаар» долбоорун менен бирге кетет, алар бири-бирин толуктайт. Кызматкерлер электрондук протокол толтурушат. Жаран тууралуу дароо маалымат ала алышат. Жол эрежесин бузган же мас абалында унаа колдонгондордун айдоочулук күбөлүгүн тартып алуу токтойт. Биз протокол түзүү менен гана чектелебиз. Бир да материал сот органдарына жиберилбейт. Айып пул 30 күн ичинде төлөбөсө туум кошулат. Айыптуу анда да төлөбөсө аткаруучуларына жиберебиз», — дейт Сатыбалдиев.

Маалыматка ылайык, Патрулдук милиция үчүн 2019-жылдын 1-апрелинен тарта конкурс жарыяланат. Аталган кызмат ошол эле жылдын июлунан тарта ишин баштайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM