Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл кышка даярбы?

Коом | 14 Ноя 2018 | 633 | 0

Быйылкы кыштан чыгуу үчүн Ысык-Көл облусунун жетекчилиги эки айдан бери коюлган тапшырманы карап жатат. Жылуулук ишканасы менен электр энергиясын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн утурумдук жана капиталдык оӊдооп түзөөлөр жүрдү.

Быйыл кыштан чыгуу үчүн Ысык-Көл облусундагы социалдык мекеме ишканаларга жалпы 111,5 миӊ тонна көмүр керектелери планга киргизилген. Мындан 2 ай мурун жылуулук ишканалары менен «Чыгыш Электр» ААКнын даярдыгы боюнча облус жетекчилиги тиешелүү деӊгээлде тапшырма берген. Учурдагы даярдык боюнча Акылбек Осмоналиев маалымат берди.

-Кышка даярдыкты жазында көрүш керек. Бул маселелер өкмөттүк деӊгээлде бир нече жолу каралган. Ал жакка өзүбүздүн отчетубузду бергенбиз. Облустун ичиндеги мекеме ишканаларда даярдык кандай экендигин 2 ай мурда да каралган. Бүгүнкү күндө бизге жеткен маалыматтарга караганда, даярдыгыбыз жакшы. Эгерде пайыз менен алып карабаганда көмүрдүн жетиштүүлүгү ноябрга, декабрга чейин өзүнчө план каралган ал 100 пайыз камсыздалды. Эгер кышкы мөөнөткө карата көмүрдүн баарын алып келсек, сапаты да жоголот экен.

Андыктан, билим берүү тармагы менен социалдык мекемелерде иштеген кызматкерлерден маалымат алып көрдүк. Алар азыркы мезгилге карата жылуулук кандай берилип жаткандыгын  төмөндөгүдөй айтып беришти.

-Мурун Тоӊ районунун Көк-Мойнок айылындагы маданият үйү көмүр менен жылычу. Азыр мештердин барын бузуп салып, заманбап жылыткыч коёлу деп бүтпөй калдык. Ошондон улам убактылуу ишибиз токтоп турат. Көбүнчө иш-чараларды мектепке өткөрүп жатабыз.

-Каракол шаарындагы №6 бала бакча мурдагы үлгүдөгү кантрамарка менен жылыйт. Азыркы тапта имараттын ичи жылуу эле, өтө ысык деп айта албайбыз.

-Каракол шаарынын карамагындагы 2 музейди электр жарыгы менен жылытабыз. Бүгүнкү күндө кыйынчылыктар бар. Электр жарыгын колдонгондо, кышкысын 1 айга 30 миӊ сомдон ашып кетет.

Тактап айтканда, билим берүү тармагындагы мекемелердин 84% көмүр менен камсыз болду. Бул боюнча облустук билим берүү институтунун кызматкери Максат Курманалиев кабар берип, калган 16 пайызын тендердин кечигип жатканы менен байланыштырды.

-Камсыз бол элек дагы 16% болуп жатат. Бирок бул көрсөткүч билим берүү мекемелерине такыр түшкөн жок деп эсептелбейт. Ар бир мектеп, бала бакчаларда 70-80% өйдө төгүлдү. Калганы боюнча айтсак, тендерде эч ким утпай кармалып жатат.

Ал эми элдин бирден бир мүдөөсү жана муктаждыгы болгон электр жарыгы боюнча сөз кылсак, учурда кышка камылга 100 пайызга аткарылгандыгын электр кызматкерлери айтып ишендиришүүдө. План боюнча төмөндөгү иштер аткарылды.

Капиталдык оӊдоп түзөө боюнча 6-10 подстанциядан 28 даанасы оӊдолду. 1054 линия, 53 чубалгы, 580 трансформаторго ремонт жасалды. Аба чубалгыларына тоскоол кылган 1100 км жерде бак-дарактардын бутактары тазаланды. Эгер авариялык кырдаал катталбаса, электр жарыгы өчүрүлбөйт. Ал үчүн район шаарлардагы бригадалар техникалары менен даяр турушат,-деди Чыгыш электр ААКнын басма сөз катчысынын милдетин аткаруучусу Элдияр Макетаев.

Бирок кышка камылга бул иштер менен чектелбейт. Анын катарында кооптондура турган жол маселеси да бар. Бул боюнча мамлекеттик  №4 жол чарба департаментинин аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Таалайбек Самаков маалымат берди. Кампада техникалык туз 56%, кум 75%, шлак 51%га жетсе, кар күрткүсүн тазалоого техникалар, күйүүчү майлар камсыздалган.

зырынча запастагы туз, кумдарды жолго чача элекпиз. Ушул күнгө карата шлагды колдонуп жатабыз. Алар тайгак жолдорго, жана дөӊсө жерлерге себилүүдө. Карды болсо грейдердин жардамы менен тазалоого үлгүрдүк. Ага 10 миӊ литр күйүүчү майын иштеттик.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM