Биз менен байланышыңыз

Тубаса жүрөк кемтиги бар балдар бекер дарыланат

Кыска кабар | 14 Ноя 2018 | 687 | 0

Тубаса жүрөк кемтиги менен жабыркаган төрт кыргызстандыкка Түштүк Кореяда акысыз операция жасалат. Бул тууралуу Кызыл жарым ай коомунан кабарлашты.

Дарылануу «Гиль» клиникасында Кызыл жарым ай коому менен болгон эки тараптуу келишимдин алкагында жүргүзүлөт. Талас, Ош облустарынан жана Бишкек шаарынан 2-4 жаштагы төрт бала 13-ноябрда Кореяга учуп кетишкен.

Балдарды дарылоо, медициналык кызмат көрсөтүү, транспорт жана бардык чыгымдарды медициналык борбор өз мойнуна алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM