Биз менен байланышыңыз

Казакстандыктар латын арибинде жат жазуу жазышты

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Ноя 2018 | 1290 | 0

Казакстандын бир катар жогорку окуу жайларында латын арибинде жат жазуу жазылды. «Жалпы улуттук жат жазуу» аталышындагы акция 30 мүнөткө созулду. Акция латын арибиндеги казак тилинин жаңы алфавитин жайылтууга багытталган.

Жат жазуунун аягында тексттин түп нускасы берилип, ар бир катышуучу каталарын текшере ала турганы айтылды.

Эске салсак, өлкө президенти Нурсултан Назарбаев жыл соңуна чейин латын графикасынын негизинде казак алфавитин иштеп чыгууну тапшырып, 2025-жылга чейин латын арибине өтүү планын даярдоо тапшырмасын берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM