Биз менен байланышыңыз

Эксперт: Бишкек ЖЭБиндеги коррупцияны иликтеген тергөөчүлөр алсыз болууда

Кыска кабар | 14 Ноя 2018 | 428 | 0

Бишкек жылуулук электр борборуна байланыштуу коррупциялык иштер  тергөөчүлөрдүн алсыздыгынан улам аягына чыкпай жатат. Бул тууралуу энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Умбеталиев “Маралга” билдирди.

Анын айтымында, жылуулук борборун модернизациялоого жумшалган каражатка байланыштуу кылмыш иши козголгон мурунку жетекчилердин адвокаттары күчтүү болууда. Ошол эле учурда тергөөчүлөр арлардын күнөөсүн так кое албай жатышат. Мындан улам иликтөө иштери аягына чыкпай жатат.

Мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов Исаковдун ишинин создуктурулуп жатышынын себебин төмөндөгүчө түшүндүрдү.

-Искаковдун күнөөсү жок. Тергөөчүлөр айып таба албай ишти улам жылдырып жатышат. Акыркы соттук отурум 6-декабрда өтөт. Анын да жылып кетерин ойлоп жатам.

Эске салсак, Бишкек ЖЭБин жаңылоодо коррупцияга жол берилгени айтылып, бир канча кылмыш иши козголгон. Ага мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалидев, Сапар Исаков башатаган бир топ жетекчилер камакка алынган. Камактагылар муну саясий куугунтук катары баалап келишет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM