Биз менен байланышыңыз

Бишкектин Ленин райондук сотунун төрагасына кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 13 Ноя 2018 | 562 | 0

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун төрагасы Кубанычбек Касымбеков менен дагы башка кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.

Жалал-Абад облустук прокуратурасы иликтеп жаткан кылмыш ишинин алкагында 2015-жылы Чек айыл аймагынын жетекчисине (С.Х.) Кылмыш-жаза кодексинин «кызмат абалынан пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу жана коротуу”, “кызматтык жасалмалоо” беренелери боюнча, ошондой эле Атабек айылдык кеңешинин депутатына да ушул эле берене менен айып тагылган. Тергөөнүн жыйынтыгында депутатка карата кылмыш иши токтотулган.

Бирок кылмыш жоопкерчилиги токтотулганына карабай Сузак райондук сотунун судьясы Кубанычбек Касымбеков 2015-жылдын 24-апрелинде аны айыптаган өкүм чыгарган.

Кийин бул чечимге каршы Жалал-Абад облустук прокуратурасы кассациялык тартипте даттанган. Анын негизинде Жалал-Абад облустук сотунун чечими менен жергиликтүү кеңештин депутатына карата кылмыш иши токтотулган.

бул фаткынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” (304-беренеси) жана “Атайылап акыйкатсыз чечим чыгаруу» (328-беренеси) боюнча иш ачылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM