Биз менен байланышыңыз

2020-2021-жылдан баштап чек араларга рентген аппараты коюлат

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Ноя 2018 | 647 | 0

2020-2021-жылдан баштап чек араларга рентген аппараты коюлат. Бул тууралуу Мамлекетик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Ражабалиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, жаңы техникалар коюлса жүктөр сыртынан көзөмөлдөнүп, документтер электрондук түрдө кабыл алынат.

«Бажы тарифтери ЕАЭБге кирген өлкөлөрдө бирдей. Бирок Казакстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирүү алкагында бир топ товарларга жеңилдик алган, тагыраагы бажы алымдарында жеңилдиктери бар. Эгер биз да бажы алымдарын көбөйтүп ала турган болсок өлкөгө кирген товарлар кайра сыртка чыкпашы керек болот. Бирок бизге кирген жүктүн басымдуу бөлүгү чет жакка чыгат», — дейт Ражабалиев.

Маалыматка ылайык, Бажы кызматындагы мыйзамсыз иштер боюнча негизсиз маалыматтар көп тарап жатат. Эгер бажычылар акча талап кылса, жарандар 055299969 номуруна баланышып маалымат берсе дароо чара көрүлөт.

«Биздин ички коопсуздук кызматыбыз түшкөн маалымат тууралуу иликтөө жүргүзүп жооп берет. Мындан сырткары биздин жетекчиликтерде да алмашуулар болуп жатат. Келген ар бир жетекчи планды аткарууга милдеттенме алып кадр саясатын өзү жүргүзүүдө. Анткени жоопкерчилик толугу менен жетекчилерге жүктөлүүдө. Бизде жаш кадрлар менен катарды толуктоо бар. Бирок Бажы кызматынан 80 адам кыскартылган. Сыртка чыгып калган кызматкерлер жумушка алынган соң башкаларды кызматка ала баштайбыз», — дейт Ражабалиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM