Биз менен байланышыңыз

Аткезчилик боюнча он айда 126 кылмыш иши козголгон

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Ноя 2018 | 708 | 0

Аткезчилик боюнча он айдын жыйынтыгы менен 905 админстративдик иш ачылып, 126 кылмыш иши козголгон.  Бул тууралуу Мамлекетик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Ражабалиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, козголгон кылмыш иштин арты менен өлкө казынасына кошумча 172 млн сом түшкөн.

«ЕАЭБге кирген өлкөлөрдө Бажы кызматы көзөмөл жүргүзбөйт. Демек, ал мамлекеттен келген унаалар биз үчүн аткезчилик болуп  эсептелбейт. Бул багытта көбүнчө Финпол, Салык кызматы, Мамкаттоо кызматы иш алып барат. Тилекке каршы, кайсы жерде болбосун акча табууга аракет кылгандар көп болот экен. Алар сырттан ЕАЭБдин аймагына алып кирип, документтерди жасап өлкөгө алып келишүүдө. Ошол жол менен бир топ унаа кирип калды. Буга бажы кызматкерлеринин такыр тиешеси жок», — дейт Ражабалиев.

Ал берген маалыматка караганда, 2017-жылы январ-февраль айларында өлкөгө 2357 автоунаа кирсе, бул жылы 4 миң 200дөн ашуун унаа кирген. Натыйжада келген жүктүн көлөмүнө жараша бажы төлөмдөрү өскөн.

«Январда планды 146 пайызга толтуруп жатабыз. Аткезчилик жолу менен келген унаалар боюнча Казакстанда атайын операция жүргүзүлүп жаткан учурда көпчүлүк жүк бизден кире баштаган. Апрель айында бул көрүнүш токтоп калгандыктан биз планды аткарууда жетпей калуудабыз. Ошондогу жетекчилик шашпай, пиардан алысыраак турса болмок. Эмне үчүн январда 900 миллионду берип, аны он экиге көбөйтүп 10 млрд акча берем деп айтып алган соң апреде ал көрсөткүчкө жетпей калып жатат», — дейт Ражабалиев.

2016-жылы Ош бажысы 1 млрд 400 миллиондон ашык каражат берсе, 2017-жылы 2 млрд 900 миллиондоп көп каражат чогулткан. Ал эми пайыздык өсүш 198% көрсөткөн.

«Бул абдан жакшы көрсөткүч. Бирок алардын пиар кылганын бир жерден укпадык. Алардын 198 пайызын эч ким уккан жок. Ал эми 146% тууралуу укпаган киши калган жок. Бул жере ким катуу кыйкырса ошонун үнү угулат болуп калды. Ош бажысына өткөн жылы апрель айында 352 унаа кирсе, быйыл 442 унаа кирген. Бирок бажы төлөмдөрү аз. Эмне үчүн бол жөнүндө эч ким айтпайт?», — дейт Ражабалиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM