Биз менен байланышыңыз

Жаңы жылдан тарта 25 килограммдан ашык жүккө бажы төлөмү алынат

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Ноя 2018 | 1127 | 0

2019-жылдан тарта физикалык жактар чек арадан баасы 500 доллардан, салмагы 25 килограммдан жогору болгон жүктөрүн бажы төлөмүн төлөбөй алып өтө албайт. Бул тууралуу Мамлекетик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Ражабалиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, физикалык жактар үчүн чек араны кесип өтүү боюнча кабыл алынган чечимде көрсөтүлгөн нормаларга өзгөртүү кирет.

«2019-жылдан баштап чек араны кесип өтүү боюнча көрсөтүлгөн норманы физикалык жактарга өзгөрөтүү боюнча чечим кабыл алынды. Бул ЕАЭБге кирген 5 өлкөнүн Бажы кызматы тарабынан колдоого алынды. Ага ылайык, жүктүн 500 баасы доллардан, салмагы 25 килограммдан өтпөшү керек», — дейт Ражабалиев.

Маалым болгондой, Бажы биримдигине кирүү алкагында чек араны кесип өтүү боюнча кабыл алынган чечимге ылайык, эгер жүк аба жолу менен келсе анын баасы 1 жарым миң доллардан, салмагы 50 килограммадан ашпашы керек. Андан ашкан жүктүн баасынан 30% мамлекетке төлөнүшү зарыл же болбосо ар бир килограммы 4 евродон кем болбошу абзел. Ошондой эле чек араны жөө, темир жол же унаа аркылуу кесип өткөндөргө да ушундай эле шарт каралган.

Ражабалиев буга кошумча жеке жактардын чек арадан 20 килограммга чейинки айыл чарба азыктарын бажы төлөмүн төлөбөй алып өткөнү мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин белгиледи.

«Жыл башында Өзбекстан тарап баасы 300 долларга чейинки товарды тариздөөсүз алып кирүүгө уруксат берди эле биз үчүн да пайдалуу болду. Себеби эл ири көлөмдө техникаларды алып чыга башташты. Ал товарландын бажы алымы, кошумча салыктары бизге төлөнүп калган. Товар бизден алынып кеткенде базарда орун бошойт. Бирок бир топ убакыттан кийин өзбек тарап кайра тыюу салып койду эле бажыда кезек күтүүлөр жоюлду. Бирок ошону менен бирге Кыргызстандан товар чыкпай калды«, — дейт Ражабалиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM