Биз менен байланышыңыз

10 айда Бажы кызматы 34 млрд сом чогулткан

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Ноя 2018 | 617 | 0

10 айга карата Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан 34 млрд 279 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулган. План 100,3 пайызга ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу аталган кызматтын төрагасынын орун басары Нурлан Ражабалиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Бажы кызматы жыл аягына чейин 39 млрд 796 млн сом өлчөмүндө салык жана төлөм чогултууну пландап жатат. Мындан сырткары өкмөт тарабынан берилген кошумча тапшырмаларды аткарат.

«Жыл башында өлкөгө кирген жүктүн көлөмү көбөйүп чоң жылыштарга таасир берди. Андан сырткары автоунааларга көрүлгөн чаралардын негизинде 2 айдан ашык убакытта кошумча 186 млн сом түштү. Эски жылдын он айына салыштырмалуу быйыл 6 млрд 521 млн сом көп каражат берип келе жатабыз. Мындай өсүш жыл сайын болот. 2015-жылы өлкө казынасына 20 млрд 800 млн сом чогулса, 2017-жылы бул көрсөткүч 34 млрдга жеткен», — дейт Ражабалиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM