Биз менен байланышыңыз

Депутат: Бажычылар айлыгы көтөрүлгөн соң коркуп иштеп калышты

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Ноя 2018 | 535 | 0

Мамлекеттик Бажы кызматында коррупциялык көрүнүштөр азаюуда. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Бажы кызматындагы коррупцияны жоюу үчүн жыл башында пилоттук долбоор катары 500 млн сом каражат бөлүнгөн. Ал кызматкерлерге сый акы катары берилген. Анын натыйжасында пара алуулар азайган.

«Кызматкерлердин айлыгы көтөрүлгөн соң коркуп иштеп калышты. Бажы кызматтын АКС, УКМК көзөмөлдөп жатат. Ал эми Райымбек Матраимов кызматтан кеткен соң бажыдан түшкөн каражаттар көтөрүлгөнүн айтышты. Бирок андай эмес, болгону ошол учурда сырттан унаа көп киргени тууралуу маалымат алдым», — дейт депутат.

Эл өкүлү Бажы кызматына сын көп айтыларын, аталган мекемеде көйгөйлөр бар экенин моюндайт. Мындан улам адам ресурсун аралаштырбай, бажыдагы бардык кызмат көрсөтүүлөрдү автоматташтыруу зарыл экенин айтты.

«Ар бир мекеменин жетекчиси жумушка толук жооп берет. Жетекчиге берилген пландын аткарылышына карап баа берилет. Биз кечээ өзүбүздүн чечимимбизди кабыл алдык, тагыраагы 2018-жылдын бюджеттин  аткарылбай калган тармактарынын жетекчилерин жумуштан алуу, сөгүш жарыялоо айтор чара көргүлө деп атайын бир пункт менен жазып кеттик. Ар бир жетекчиге кылган жумушуна жараша жыл аягында баа берсек болот. Бажы кызматынын ишин жыл аяктаганда дагы көрөбүз»,- дейт эл өкүлү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM