Биз менен байланышыңыз

ЖК комитети бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды

Кыска кабар | 12 Ноя 2018 | 488 | 0

Жогорку Кеӊештин бюджет жана финансы боюнча комитети  2019-жылга өлкөнүн бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды.

Премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиевдин айтымында, 2019-жылга Социалдык фонддун бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 54 млрд сом, 2020-2021-жылдарга 60 млрд сом көлөмүндө түзүлдү.

“2019-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү эмгек акы төлөө фондунан 27,25 пайыз камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ченинен улам аныкталды. Алардын 23 пайызы Пенсиялык фондго, 2 пайызы мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна, 2 пайызы милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна, 0,25 пайызы эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна чегерилет.

Ошондой эле, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү 32 млрд сом өлчөмүндө пландалганы белгилүү болду. Ал эми республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын түшүшү 20 млрд сом.

Пенсиялык фонддун кирешелери 2019-жылы 49 млрд сом деп пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM