Биз менен байланышыңыз

12 жылдан бери комада жаткан адам көзүн ачты

Дүйнө | 11 Ноя 2018 | 1296 | 0

Кытайда 12 жылдан бери комада жаткан адам көзүн ачты. Бул аралыкта бейтаптын энеси уулунун жанынан алыс кеткен эмес. Бул тууралуу Daily Mirror басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ван Шубао 2006-жылы унаа кырсыгына кабылып, алган жаракатынын улам комага түшкөн. Ал убакта бейтап 36 жашта болчу.

Ал эми Ван Шубаонун энеси Вэй Минъин 63 жашта болгон. Ал уулун үйгө алып келип өзү караган. Тагыраагы 12 жылдын ичинде баласы сакайып кетиши үчүн колунда болгон бардык байлыгын сарптап, карызга да баткан. Жадагалса тамак-аш алууга каражаты жетпей бир ай боюу жалаң суу ичип жан баккан.

Вэй Минъинин бул аракети текке кетпей уулу 12 жылдан соң көзүн ачкан. Ал баласы азыр да кыймылдап, сүйлөй албаганына карабай сакайып кетишине үмүт артат.

«Мен абдан кубанычтамын. Уулум толугу менен айыгып кетет деп үмүттөнөм. Мен ага чейин көз жумбайм», — дейт Вэй Минъин.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM