Биз менен байланышыңыз

Калифорнияда өрттүн курмандыктарынын саны өстү

Дүйнө | 11 Ноя 2018 | 521 | 0

АКШнын Калифорния штатында чыккан өрттөн каза тапкандардын саны 23кө жетти. Бул тууралуу KSBY телеканалы жергиликтүү басылмаларга таянып билдирди.

Маалым болгондой, бейшемби күнү Калифорниянын токоюнда чыккан өрт Парадайс тоолорундагы дээрлик 7 миңдей үйдү жана 42 гектар аянтты каптаган. Бул штат тарыхында эң чоң зыян алып келген кырсык катары эсептелип жатат.

Жергиликтүү бийлик курмандыктардын саны көбөйөрүн божоп жатат. Учурда 35 адам дайынсыз.

АКШ президент Дональд Трамп кырсыктын чыгышына жергиликтүү бийликти сынга алган.

«Коопсуздук чараларын көрүлгөн эмес. Жыл сайын миллиарддаган доллар бөлүнөт. Бирок токойлор начар башкарылып жаткандыктан адамдар өлүүдө. Бул маселени дароо чечкиле, болбосо мындан ары федералдык каражаттар болойт», — дейт Трамп.

Бийлик өкүлдөрү тилсиз жоого климаттын өзгөрүүсү себеп болгонун айтышууда. Учурда өрт каптаган аймактарда миңдеген өрт өчүргүчтөр иш алып барып жатышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM