Биз менен байланышыңыз

Донецк жана Луганск Элдик Республикаларында шайлоо өтүп жатат

Дүйнө | 11 Ноя 2018 | 504 | 0

Бүгүн, 11-ноябрда өздөрүн “Донецк жана Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган аймактарда шайлоо өтүп жатат. Анда аталган аймактын башчылары жана парламентке депутаттар тандалат. Негизги талапкерлер – жикчилдердин азыркы лидери Денис Пушилин жана Виктор Пасечник.

Донецк Элдик Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Ольга Позднякова журналисттерге берген маалыматында шайлоо участкалары өз убагында ачылганын билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда шайлоочулардын 18,6% добуш берген. Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:00 де башталып, кечки саат 20:00гө чейин уланат.

Луганск Элдик Республикасынын башчылыгына 4 талапкер ат салышууда. Парламенттик шайлоого эки коомдук кыймыл («Мир Луганщине» жана «Луганский экономический союз») катышууда. Жалпы 50 депутат тандалат.

Ал эми “Донецк Элдик Республикасынын башчылыгына болсо 5 талапкер ат салышып жатат. Парламенттик шайлоого 2 коомдук кыймыл катышса жалпы 100 депутат шайланат. Бирок, Киев шайлоону тааныбай турганын айтат.

Буга чейин Европа Биримдиги да бүгүн өтүп жаткан шайлоолорду мыйзамсыз деп эсептеп, анын жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялаган. Ошол эле учурда АКШнын Киевдеги элчилиги бул шайлоону “фарс” деп атап, Донбасстын жашоочуларын шайлоого катышпоого чакырган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM