Биз менен байланышыңыз

Индияда шайлоо алдында жети жардыруу катталды

Дүйнө | 11 Ноя 2018 | 599 | 0

Бүгүн эртең менен Индиянын Канкер округунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн шайлоо алдында кеминде жети жардыруу катталды.

Полициянын берген маалыматына караганда, маоист сокушкерлер чабуул жасашкан. Чабуул борбордон 160 чакырым алыстыкта жайгашкан Райпур штатынын Антагарх айылында орун алган.

Согушкерлер жардыруудан соң аскердик лагерге кайтып жаткан полиция  кызматкерлерине кол салган. Ок атышуунун натыйжасында коопсуздук күчтөрүнүн бир кызматкери жарадар болгон. Полиция, өз кезегинде кол салуучулардын бирин жок кылган.

Согушкерлер токойго качып кирип, жашырыныш алганы белгиленүүдө. Учурда атайын күчтөр террорчуларды издөө иштерин улантууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM