Биз менен байланышыңыз

Мамашев WEF ProfFight лигасынын чемпиондук курун тагынды

Кыска кабар , Спорт | 11 Ноя 2018 | 631 | 0

Кыргызстандык мушкер Алтынбек Мамашев WEF уюмунун ProfFight лигасынын чемпиондук куруна ээ болду.

Мамашев монголиялык Баткунх Бурензоригди экинчи раундда техникалык нокаут менен жеңип алды.

Бишкекте өтүп жаткан WEF Global 14 жана Arzalet FC биргелешкен турниринде мушкерлер октагондо 77 килограмм салмакта күч сынашкан.

Буга чейин WEF уюмунун ProfFight лигасынын чемпиондук куру кыргызстандык Самат Эмилбековго таандык болчу, бирок ал беттешке чыгуудан баш тарткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM