Биз менен байланышыңыз

Айтматовду эскерүүгө 6 млн сомдон көп акча чогулду

Кыска кабар | 8 Ноя 2018 | 729 | 0

Таласта Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин өткөрүүгө 6 млн 900 миң сом чогулду. Бул тууралуу облустун администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Анын 500 миң сомун Президенттин аппараты, 300 миң сомду Жогорку Кеңеш берип, калган каражатты жергиликтүү калк жана демөөрчүлөр берген.

Ушул тапта жазуучунун 90 жылдыгына арналган иш-чаралар өтүүдө. “Манас Ордо” улуттук комплексинде 100 боз үй тигилди.

Ага мамлекеттик өкүлдөр, парламенттин төрагасы Дастан Жумабеков, жазуучунун карындашы Роза Айтматова, уулу Элдар Айтматов жана депутаттар катышып жатат.

Ошондой эле аймактардагы белгилүү сүрөтчүлөрдүн сүрөт көргөзмөсү болот. Анда түрдүу жанрдагы, белгилүү инсандардын, Кыргызстандын табиятын чагылдырган сүрөттөр коюлат.

Белгилей кетсек, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов быйыл 90-жашка чыкмак.

Copyright © 2017 Maral FM