Биз менен байланышыңыз

Балдар каникулда кайда барса болот?

Билим-маданият | 8 Ноя 2018 | 1573 | 0

5-12-ноябрь аралыгында мектеп окуучулары күзгү каникулда эс алып жатышат. Бул убакытты балдарыңыз пайдалуу жана кызыктуу өткөрүүсүн кааласаңыз, Бишкекте бир канча мекемелер ар кандай каникулдук иш-чараларды уюштуруп жатат. Биз бул боюнча маалымат маалымат топтоп, сизге бир катар сунуштарды даярдадык.

Мектептеги биринчи чейректин жыйынтыгы менен балдар 5-11-ноябрга чейин каникулга тарашкан. Бир жумалык убакытты пайдалуу өткөрүү үчүн балдарга ылайык борбор калаада ар кандай иш-чаралар каралган. Маселен, Бишкектеги соода борборлордогу балдар аянтчасында оюндар, балдардын чыгармачыл борборлорунда атайын ийримдер уюштурулган. «Балам каникулду эс алуу менен бирге сабактагы жетишүүсүн да бирге алып кетсин» десеңиз, Интеллект окуу борбору тез окуу боюнча курстарды ачкан. Борбордун жетекчиси Жакшылык Матановдун айтымында, учурда 50% жеңилдетүү бар. 3-4 күн аралыгында келген балдар мүнөтүнө 1500 сөзгө чейин окуп калышты.

Каникулда тез окуу боюнча курстар ачылган. Эң жакшы окугандар 1 мүнөттө 1500 сөздүн тегерегинде окуп калышты. Бул 3-4 күндүн ичиндеги жыйынтык. Азыркы учурда 50% жеңилдетүү бар. Албетте, балдар чарчабаш үчүн оюн түрүндө сабактар болот.

Эгерде балам мектеп учурунда да окууга жетишет, эс алсын десеңиз, анда балдар үчүн башка ийримдер да бар. Мисалы “АДРА” кошумча билим борбору да атайын балдар үчүн  чоподон буюм жасоо боюнча мастер-класстарды уюштурган. Өнөркананын мугалими Галина Анндын айтымында, балдар өздөрү жасаган буюмдарын үйүнө алып кетишет.

Каникул күндөрү балдар менен иштейбиз. Балдар өзү каалагандай буюмдарды жасашат. Буйруса, эми кышкы каникулдарда да иштейбиз. Балдар үчүн мастер класстын баасы 600 сом. Бизге келген эң кичинекей балдар 2 жаштан башталат.

Балдардын баары эле жаныбарлар дүйнөсүнө кызыкса керек. Анда балаңыз үчүн атайын зоопарктар бар. Бирок алардын өзгөчөлүгү балдар жаныбарларды кармап, аларга тамак бере алат. «Зоосмешарики» деп аталган зоопаркта коёндор, таш бака, кескелдирик, тотукуш жана башка коопсуз жаныбарлардын түрлөрү бар. Мындай жайлар Бишкектеги «Азия Молл», «Вефа», «Чынар» жана «Ала-Арч»а соода борборлорунда жайгашкан. Баалары балдар үчүн 100 сом, чоңдор үчүн 150 сом. Бул туурасында Зоопарктын жетекчиси Жан Газизов билдирди.

-Бул зоопарктын өзгөчөлүгү балдар колдору менен кармап, жаныбарлар менен байланыш түзөт. Аларга тамак беришет. Бул жакшы терапия. Балдар коён, тотукуш, кирпи сыяктуу жаныбарларды жакшы көрүшөт. Биз бардык күндөрү иштейбиз.

Кошумчалай кетсек, бул күндөрү балдарды куурчак теарга, ошондой эле драм театрга алып барсаңыз болот. Каникул күндөрү бул маданият үйлөрүндө да атайын программалар каралган.

 

Copyright © 2017 Maral FM